Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:20

Кыргызстан Гвинея менен дипломатиялык алака түзөт


Гвинея желеги
Гвинея желеги

Кыргызстан менен Гвинея ортосунда дипломатиялык мамиле түзүү боюнча коммюникеге кол коюлду. Документ Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгү тарабынан 8-сентбярда Нью-Йоркто макулдашылганын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Тараптар өз ара ымаланы бекемдөөнү элчиликтерди ачуу аркылуу ишке ашырат.

Гвинея Батыш Африкада жайгашкан. Башкаруу түзүмү президенттик. 10 миллиондон ашуун калкы бар. Элдин басымдуу бөлүгү ислам динин карманат. Тили негизинен французча.

Өлкө баалуу кен байлыктарына, айыл чарба жана гидроэнергетикалык ресурстарга бай. (SE)

XS
SM
MD
LG