Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:34

Ысык-Көл: облус бийлигине кылмыш иши козголду


Эмилбек Каптагаев
Эмилбек Каптагаев

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана анын орун басарлары эки жылдан бери мыйзамсыз кошумча акы алып жүргөн деп шектелүүдө.

УКМКнын коррупцияга каршы күрөш кызматы билдиргендей, 25% кошумча акы облус жетекчисине жана башка мамлекеттик кызматкерлерге 2013-жылдын июль айынан 2015-жылга чейин төлөнүп, мындан мамлекетке 781 миң сом зыян келген.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. 2013-жылдын июль айынан бери өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Эмилбек Каптагаев иштеп келатат. (AsA)

XS
SM
MD
LG