Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:22

Кыргызстан менен Тажикстан ортосунда соода-сатык көбөйдү


Жылдын биринчи жарымында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда соода-сатыктын көлөмү өскөнү байкалды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин тажик өкмөт башчысынын орун басары Азим Иброгим менен Берлинде өткөн жолугушуусунда айтылды. Германиянын борборуна алар Борбор Азиядагы суу пайдалануу маселелерине арналган конференцияга катышуу үчүн барган.

Жолугушууда Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине киришине байланыштуу эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү багытттары тууралуу сөз болуп, өкмөт аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүү планы талкууланды.​ (RK)

XS
SM
MD
LG