Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Пакистанда дагы бир журналистти өлтүрүп кетишти


Карачи портунда белгисиз куралчан адамдар пакистандык журналистти үйүнүн жанынан өлтүрүп кетишти. Афтаб Алам бир нече телеканалдар менен кызматташчу. 24 сааттын ичинде Пакистандын экинчи чоң шаарында ушуну менен эки журналист киши колдуу болуп өлдү. Полициянын маалыматына караганда, 6-сентябрда куралчан кишилер Geo TV менчик каналынын машинасына ок ачканда техник Аршад Али Жафри мерт кеткен, бир нече киши жарадар болгон. Кол салуудан кийин Журналисттердин биримдиги маалымат каражаттарынын кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздоого, кылмышкерлерди таап, жоопко тартууга үндөдү. Журналисттерди коргоо эл аралык комитетинин маалыматына ылайык, Пакистанда 1992-жылдан бери 50дөн көп медиа кызматкери өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG