Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:49

Германия Орусиянын Сирия чатагына аралашканына кабатыр


Германиянын Тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер шаршембиде Иран менен өзөктүк программа боюнча жетишилген келишим, БУУнун жаңы демилгелери Сирия чатагын саясий жактан чечүүгө жол ачып жаткан кезде Орусиянын Сирияга аскердик кийлигишүүсүн күчөткөнү бул жараянга зыянын тийгизиши мүмкүн экенин билдирди.

Германия Тышкы иштер министри жакынкы күндөрү “чоң жетилик” Сириянын араб кошуналары менен жолугушуу болорун билдирген. Жолугушуу Улуттар уюму Сириядагы кырдаалды жөнгө салуу маселесин талкуулай турган жыйынга чейин өтмөкчү.

Мурдараак Грекия менен Иран аба мейкиндиги аркылуу Орусиянын учактарына Сирияга жүк алып өтүүгө уруксат беришкен. Алар Орусия учактары Сирияга гуманитардык жүк жеткирерин ырасташыууда.

9-августта АКШ Сирия чатагына Орусиянын кийлигишүүсүнө тынчсызданганын билдирди. Вашингтон Москванын Башар Асаддын тарабында туруп, чатакка аралашуусу бул өлкөдөгү саясий кырдаалды жөнгө салуу аракеттерин жокко чыгарып коюш ыктымалдыгын айтууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG