Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:57

Кыргыз-немис үйлөмө аспаптар оркестринин концерти өтөт


Бүгүн кечинде Бишкекте кыргыз-немис үйлөмө аспаптар симфониялык оркестринин концерти өтөт. Бул тууралуу иш-чараны уюштуруп жаткан Улуттук консерваториядан кабарлашты. Концерт "Жибек Жолунун жылдыздары" эл аралык искусство фестивалынын алкагында өтөт.

Кечки саат жетиде консерваториянын чоң залында баштала турган концертте дүйнөлүк жана кыргыз авторлорунун чыгармалары жаңырат. Дирижерлор - Валдемар Штокерт жана Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Элис Шаршенбаев. Солисттер - Марина Шипулина, Бакыт Ыбыкеев, Саян Исин жана Германиядан келген музыканттар. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG