Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:46

Мамкаттоо: 4,4 миң кыргызстандыктын каттоосу жок


Бүгүнкү күндө Кыргызстанда эч жерде катталбаган жарандардын саны 4400. Бул тууралуу бүгүн Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты. Алардын паспортунда дарек жазылганы менен, ошол жерге каттоого турган эмес. Парламенттик шайлоо жакындап калганына байланыштуу Мамкаттоо кызматы бардык жарандарга кайрылып, эгер катталбагандар болсо тез арада аталган мекеме менен байланышып, шайлоочулар тизмесине киргизиш үчүн дайынын билдирүүнү өтүндү.

4-октябрда Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт. Парламенттеги 120 депутаттык орунга 14 партиядан 2 миңден ашуун адам талапкер болууда. (RK)

XS
SM
MD
LG