Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:42

КТРК Европа телеберүү биримдигиндеги карызын жапты


КТРКнын эн белгиси
КТРКнын эн белгиси

Коомдук телерадиокорпорация Европа телеберүү биримдигине болгон 83 000 АКШ доллар карызын төлөдү. Бересе шайлоого байланыштуу жарнамалардын эсебинен жабылганын мекеме башчысы Илим Карыпбеков билдирди.

Европа телеберүү биримдиги менен КТРКнын ортосунда 2013-жылы спутниктик сигнал берүү кызматын көрсөтүү боюнча келишим түзүлгөн. 2014-жылдын башынан быйыл март айына чейин келишимде көрсөтүлгөн каражат түрдүү себептерден улам төлөнбөй калган.

Илим Карыпбеков учурда КТРКнын тышкы жана ички бардык карыздары төлөнгөнүн маалымдады. Бул боюнча отчет жыл аягында мекеменин Байкоочу кеңешине берилет.

КТРКнын курамында төрт телеканал, беш радио жана интернет сайт бар. (SE)

XS
SM
MD
LG