Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:15

ИИМ: Бабановдун тушунда жол кырсыктары 20% көбөйгөн


Өмүрбек Бабанов премьер-министр болуп турганда Кыргызстанда жол кырсыктары 20% көбөйгөн, жараат алып, өлкөндөр саны өскөн. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлиги тараткан билдирүүдө айтылат.

Министрликтин маалыматына караганда, "Республика Ата-Журт" партиясынын теңтөрагасы Өмүрбек Бабанов шайлоочулар менен өткөргөн жолугушуулардын биринде "МАИчилер айдоочулардан жылына чогулткан 1 миллиард сомду мамлекеттик казынага которуп турса жакшы болмок" деген таризде сүйлөгөн.

ИИМ Бабанов өкмөттү башкарып турган кезде техникалык текшерүү, ишеним кат боюнча айдоо сыяктуу документтерди алдырып салганы, жолдогу постторду жойгону терс натыйжа берген деген пикирде.

Өмүрбек Бабанов 2011, 2012-жылдары өкмөттү бир аз мөөнөттөн башкарган. Азыр ал парламенттик шайлоого талапкер.

"Республика Ата-Журт" партиясы ИИМдин бүгүнкү билдирүүсү боюнча азырынча комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG