Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:59

Ысык-Көл эс алуу аймагында милициянын 40 видеокамерасы иштөөдө


Бүгүнкү күндө Ысык-Көлдүн жээгинде эс алуучулар көп каттаган жерлерде милициянын 40 видеокөзөмөл камерасы иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Мекеменин белгилешинче, бул жол кырсыктарын алдын алуу менен катар түрдүү кылмыштардын бетин ачууга көмөк болууда.

Көл жээгине эс алганы келгендердин саны жылдан жылга өсүүдө. Быйыл Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" аэропортуна Ош шаарынан түз каттам ачылды. Ага чейин Казакстандан учактар каттай баштаган.

Кыргызстан менен Казакстан жетекчилигинин демилгеси менен келечекте Алматы - Чолпон-Ата унаа жолун эки эсе кыскарткан долбоор ишке ашканы жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG