Линктер

бейшемби, 30-март, 2017 Бишкек убактысы 07:08

Жерин мыйзамдаштырууну талап кылгандар пикетке чыкты


Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштарда жерин мыйзамдаштыра албай жүргөндөр ушу тапта Өкмөт үйүнүн алдында пикет өткөрүүдө. Кабарчыбыздын маалымдашынча, 20 чакты адам өкмөткө кайрылып, парламент сунуштаган чечимди аткарууну талап кылып жатышат. Пикеттин уюштуруучусу - "Трансформация" уюмунун жетекчиси Бекназар Айталиев алардын катарында 18 миң мүчө бар экенин, кеп Бишкектин четиндеги 17 конуштун көйгөйү тууралуу болуп жатканын айтууда.

Борбор калааны курчаган 50дөн ашуун жаңы конуштун көбүнүн жерге укугун тастыктаган документи жок, себеби алар басып алуу жолу менен ээленген. Мунун айынан инфраструктурасы өнүкпөй, тургундар түрдүү социалдык чектөөлөргө туш болуп келет. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG