Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:14

Мектептерде дене тарбиячылар жетишпейт


Бишкектин мектептеринде дене тарбиядан сабак берген мугалимдердин жетишсиздик көйгөйү өтө курч болууда. Бул тууралуу бүгүн Социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

Бош иш орундары боюнча кезектеги жарманке уюштурууда Жаштардын эмгек биржасы мекеме-ишканаларды кыдырып, кайсы жерге кандай кесиптегилер талап кылынып жатканын анализдеп чыккан. Негизги көңүл педагогикалык кадрларга бурулган.

Натыйжада борбор калаанын мектептеринде дене тарбиячылардан тышкары математика, орус, англис тили, музыка, физика боюнча мугалимдер жана баштапкы мектеп үчүн класс жетекчилер, психологдор тартыш экени аныкталган.

Кыргызстанда мамлекеттик казынадан каржылануучу мектептерде иштеген мугалимдер айлык акысы эң төмөн категорияга кирет. (RK)

XS
SM
MD
LG