Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:09

Орусия Украинага чектеш жерде аскердик база куруга киришти


Киевден 200 км чыгыштагы Сеньковка чек ара постундагы танктарга каршы курулган аң. 2-июль 2015

Киевден 200 км чыгыштагы Сеньковка чек ара постундагы танктарга каршы курулган аң. 2-июль 2015

Орусия Украина менен чек арадагы Белгород облусунда чоң аскердик база кура баштады. Ройтерс агенттигинин маалымдашынча, Валуйки шаарынын ныптасындагы база 300 га жерди ээлеп, ага 3 500 жоокер жайгашат.

Коргоо министрлиги базада артиллериялык, зениттик-ракеталык жана автотранспорттук бөлүктөр үчүн жоокерлер машыктырылат, ошондой эле АКШ аскерлеринин согуштук тактикасы окутулат деп мерчемдөөдө.

Расмий Киев жана Батыш Орусияны Украинанын чыгышындагы жикчилдерди аскердик-техникалык жактан көмөктөшүүдө деп сындап келет. Москва Украинага аскер жиберди деген кабарларды куру доомат эсептейт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG