Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:29

Суицидден жылына 800 миң киши өлүүдө


Жыл сайын дүйнөдө 800 миң адам өз өмүрүнө кол салып, дүйнө менен кош айтышарын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдирди. Аталган уюмдун чечими менен 10-сентябрь суицидди алдын алуу күнү катары кабыл алынган.

15 жаштан 29 жашка чейинки жаштардын өлүмүнүн башкы себеби да өз жанын кыюу болууда. Өзүн өзү өлтүргөн адамдардын 75 проценти жакыр өлкөлөрдүн атуулдары. Жер семирткич жеп, асынып жана өзүнө өрт коюу менен өлүү суициддин башкы ыкмалары болууда.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму психикалык жактан жабыркаган адамдардын суицидге баруусун алдын алуу боюнча мамлекеттер тийиштүү чара көрүшү керек дейт. Буга карата уюм 2020-жылга чейин атайын программа кабыл алды.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 2013-жылы 127 бала, 2014-жылы 106, быйыл 5 айдын ичинде эле 58и өмүрү менен кош айтышкан. (BCh)

XS
SM
MD
LG