Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:32

Орусиянын Сирияга аскер жибергени Батышты камтамага салды


Орусиялык аскерлер Сирияга аттанышууда. Крымдын Севастополь порту.
Орусиялык аскерлер Сирияга аттанышууда. Крымдын Севастополь порту.

Орусиянын Сириядагы күчөп бараткан аскерий активдүүлүгү жөнүндөгү кабарлар НАТО жана АКШны тынчсыздандырды. НАТОнун баш катчысы Йен Столтенберг 9-сентябрда Прагага барган кезде "эгерде маалымат ырасталса, бул Сириядагы жаңжалды жөндөөгө салым кошпойт” деди.

Бул кабардан улам АКШ мамкатчысы Жон Керри да орусиялык кесиптеши Сергей Лавровго телефон чалып, камтамачылык билдирди. Керри Лавровго кабар чын болсо, “ал коогалаңды дагы күчөтүп, эл аралык коомчулуктун урушту токтотуу аракетин текке кетирет”, - деп айтканын Мамдепартаменттин өкүлү Жон Кирби билдирди. Москва Сирияга аскерий техниканы жеткирүүгө жардамдашуу үчүн согуштук эксперттерди жөнөткөнүн ырастаган.

Орусия Сирияда төрт жылдан бери жүрүп жаткан жарандык согушта президент Башар Асадды колдоодо. АКШ Асадды бийликтен кетүүгө чакырууда.

XS
SM
MD
LG