Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:31

Салянованын күйөөсүнүн иши боюнча сот 16-сентябрда уланат


Мурдагы Баш прокурор Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго козголгон кылмыш иш боюнча сот жараяны 16-сентябрда уланат. Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда иш күбөлөрдүн келбей калганына байланыштуу каралган жок.

Бакыт Абдыкапаровго карата иш Бишкек жылуулук борборуна көмүр сатып алуу боюнча тендер жана “Тазалык” ишканасына байланыштуу козголгон. Прокуратура бир канча адамдан турган топ ишкананын өкүлдөрүнө каршы козголгон кылмыш ишти кыскартып берүү убадасы менен 50 миң доллар алган, күбөлөр алардын арасында Абдыкапаров да болгон деп көрсөтмө бергенин кабарлаган.

Бакыт Абдыкапаров өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келет. Ал эми Аида Салянова күйөөсүнө козголгон кылмыш иштерди өзүнүн ишмердүүлүгү менен байланыштырууда. (RK)

XS
SM
MD
LG