Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:59

Бюджеттин ачыктыгы боюнча 100 мамлекет арасында байкоо жүргүзүлүп, Кыргызстан 34-орунду ээледи. Мындай изилдөөнү Эл аралык бюджеттик кызматташтык уюму жүргүзгөнүн Финансы министрлигинин басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди.

Бюджети эң ачык үч мамлекет деп Жаңы Зеландия, Швеция жана Түштүк Африка республикасы аталды. Ал эми акыркы орунда Мьянма өлкөсү.

Эл аралык бюджеттик кызматташтык уюму мамлекеттердеги каржылык ачык-айкындуулукка эки жыл сайын байкоо салат. 2008-жылы Кыргызстан акыркы тепкичтерде турган. 2012-жылы 76-орунду ээлеген.

Баяндамада белгиленгендей, Кыргызстан Борбор Азия боюнча алдыңкы орунда. Бирок изилдөөдө Өзбекстан камтылган эмес. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG