Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:48

АКШ: республикачылар Ядролук келишим боюнча тактикасын өзгөрттү


АКШ Конгресси.

АКШ Конгресси.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасындагы республикачылардын лидерлери Ирандын ядролук келишими боюнча добуш берүү планын өзгөрттү. Алар келишимге каршы резолюция долбоорун дүңүнөн колго салгандын ордуна Ак үйдү келишимге тиешелүү бардык документтерди бербеди деп күнөөлөп, үч башка добуш берүү өткөрүлөт деп жарыя кылышты.

Иран менен алтылык ортосунда түзүлгөн келишимге удаа Иран жана Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭ арасында дагы эки келишимге кол коюлган. Республикачылар ошо эки келишимди талкуулайбыз дешүүдө.

МАГАТЭнин айтышынча, Иран менен алтылыктын макулдашуусуна ылайык, береги келишимдердин купуя деталдарын ашкере кыла албайт. Ошондуктан Ак үй да Конгресске купуя шарттарды ачпайт, деп боолгонууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG