Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:35

Өзгөндө салыкчы пара менен кармалды


Мамлекеттик салык кызматынын Өзгөн райондук бөлүмүндө иштеген улук инспектор жергиликтүү тургундан 14 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганын Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал дүкөн ачып иштеткен ишкердин салыктарын азайтып берүү сунушу менен 9-сентябрда пара сураган. Ыкчам маалыматтын негизинде прокуратура кызматкерлери ошол эле күнү акчаны алып жаткан учурда колго түшүргөн.

Салыкчыга каршы Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси (пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголду. (SE)

XS
SM
MD
LG