Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:52

Өзбекстанда соңку 10 күндө азык түлүк 20-30% кымбаттады


100 АКШ долларынын наркы 430 грамм өзбек сумуна барабар болот. Фотоколлаж
100 АКШ долларынын наркы 430 грамм өзбек сумуна барабар болот. Фотоколлаж

Баанын жогорулашына 1-сентябрдан тарта сырттан ташылган тамак-аш азыктарынан алынчу бажы төлөмдөрүнүн, эмгек акынын, пенсиялар менен стипендиялардын көбөйүүсү, өзбек акчасы - сумдун кара базарда куну качуусу себеп болгон.

Ошондой эле 1-сентябрдан баштап мөмө жемиштерине, кантка, таттуу азыктардын бардык түрлөрүнө, унга жана ун азыктарына да акциздик салык 10 проценттен 70 процентке чейин көбөйтүлгөн. “Азаттык” радиосунун өзбек кызматынын кабарлашынча, ушу тапта Ташкенттин базарларында 1 кг күрүч 4 000-5000 сум, пахта майы 5000-5500 сум турат.

10-сентябрда Өзбекстан Улуттук банкы орноткон нарк боюнча: 2606 сум 1 АКШ долларына тең же алмашылат. Кыргызстандын Улуттук банкы 1 сумду 2,5 тыйынга баалаган.

XS
SM
MD
LG