Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:08

Нарымбаев менен Коркмазовдун иши сотко өттү


Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаевге жана Жогорку Кеңештин депутаты Хажимурат Коркмазовго козголгон кылмыш иш тергелип бүтүп, сотко өткөрүлүп берилди.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты. Нарымбаевге жемкорлук жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, Коркмазовго пара алуу айыбы коюлду. Ишти Бишкектин Биринчи Май райондук соту карайт.

Коркмазов парламенттин мурдагы депутаты Нариман Түлеевге тиешелүү иштердин бирин Жогорку Сотто анын пайдасына чечип берүүгө ортомчу болуп, Түлеевдин жакындарынан 200 миң доллар пара талап кылып, анын 100 миңин алып жаткан жерден кармалганы кабарланган. Кийин ал пара алууга Нарымбаевдин да катышы бар экендиги айтылган.

Коркмазов 15-июлда кармалып, кийин үй камагына чыгарылган, Нарымбаев 22-июлдан бери УКМКнын тергөө абагында жатат. (JM)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG