Йоханнесбурдун Витватерсранда университетинин аалымдары 10-сентябрда маалымдашынча, алар Түштүк Африкадагы үңкүрлөрдүн биринде тапкан хомо наледилер (Homo naledi) бүгүнкү жана эң алгачкы жөнөкөй адамды бириктиргенден жаралган сыяктуу. Анын мээси 4 миллиондон 2 миллион жылга чейин мурда жашаган гомининдердикиндей кичине экен. Ал эми буту, тулку бойдун белден ылдыйкы кыймылдоочу бөлүгү бүгүнкү адамдыкына жана омуртка сөөктөрү менен далы-мүрүлөрү адамдын түпкү бабасы эсептелген австралопитектердикине окшош. Хомо наледилер канчалык эски экени жана аларды үңкүрлөрдүн кемерлерине ким жаткырганы беймаалым. Алар кемерге кайсы бир ритуал-жөрөлгөлөрдү өткөрүү максатында жаткырылган деп боолгошот илимпоздор. Ачылыш адамзаттын байыркы тегинин жаралышын аныктоого жардамдашуусу ыктымал.