Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:28

Кремль Украинага чектеш жердеги аскердик база боюнча унчуга элек


Reuters агенттиги Орусия Белгород облусундагы Валуйки шаарына 300 чакырым жерге аскердик база орното баштаганын жазган. Агенттик орус өкмөтүнүн сайтына чыгарылган тендердин документтерине шилтеме берген болчу. Кабарчы жергиликтүү элдин айтканына таянып, аскер шаарчасы Украинанын Луганск облусунан 25 чакырым аралыктагы Солоти айлына жайгашуусу мүмкүндүгүн билдирген.

Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул маалымат боюнча Коргоо министрлигине кайрылуу керектигин билдирди.

Агенттиктин маалыматы боюнча аскер казармасында 3,5 миң чамалуу жоокер, ракета-артиллериялык курал-жарак жана башка техника, ири окуу комплекси жайгашат. Ошондой эле аскер базасынын курулушун “Мегалайн” ишканасы жүргүзүп жатканы кабарланууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG