Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:40

Укук коргоочу добуш сатпоого үндөгөн акция өткөрөт


Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров бүгүн Бишкектеги эл көп жүргөн коомдук жайларда баракча таратмакчы. Анын айтуусунда, баракчаларда шайлоочуларды добушун сатпоо чакырыктары камтылган:

-Баракчаларга “Акчага алданба, добушуңду сатпа!”, “Балдардын келечегин ойло!”, “Партиялардын программасын оку”, “Бийликке кандай адамдар келерин сен чечесиң, урматтуу шайлоочу!” деп жазылган.

Өндүрүш Токтонасыров парламенттик шайлоо алдында айрым саясий партиялар элдин добушун сатып алуусуна каршы турууга, андайга жол бербөөгө, шайлоочуларды утурумдукка алданбоого чакырмакчы.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда болот. Ага 14 саясий партия ат салышууда.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG