Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:59

“Бир Бол”: Башкы прокуратура атайылап басым көрсөтүүдө


Башкы прокуратура үгүт иштери жүрүп жатканда атайылап басым көрсөтүүдө. “Бир Бол” партиясы Башкы көзөмөл мекемесинин кечээ күнкү билдирүүсүнө ушинтип жооп кайтарды.

Партиянын белгилешинче, Карганбек Самаковдун жерлери боюнча козголгон кылмыш иш алкагында учурунда Жогорку Кеңеште атайын комиссия түзүлүп, териштирүүнүн натыйжасында Игорь Чудиновдун күнөөсү жок экени аныкталган.

10-сентябрда Башкы прокуратура Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылып, Чудиновду жоопко тартууга уруксат берүүнү өтүнгөн болчу. Ал 4-октябрда өтөт турган парламенттик шайлоого катышып жатат. “Бир Бол”партиясынын тизмесинде үчүнчү орунда.

2008-жылы өкмөт Чүй облусунда Самаковго тиешелүү 262 гектар айыл чарба жерин турак жай тилкесине айландырып, там салууга уруксат берген. Чудинов ошондо өкмөттү башкарып турган. Трансформациядан кийин ал жер 1,5 миңге жакын кишиге сатылып, жеке турак жайлар курулган. 2014-жылы Башкы прокуратура жерди камакка алып, мыйзамсыз менчиктештирилген деген жүйө менен депутатка быйыл 14-майда коррупция боюнча кылмыш иш козгогон. 17-майда сот аны тергөө бүткөнчө үй камагына чыгарган. Самаков айыптоону четке кагып келет.

3-сентябрда өкмөт 2008-жылдагы токтомун жокко чыгарган. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG