Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:57

Соттук экспертиза борборунда адистер жетишпейт


Мамлекеттик соттук экспертиза борборунун (МСЭБ) жаңы ачылган бөлүмдөрүнө адистер жетишпейт. Бул тууралуу "Азаттыкка" борбордун укук бөлүмүнүн жетекчиси Ольга Винокурова билдирди.

Сот тутумундагы талаптардан улам, МСЭБ үч жаңы компьютердик технологиялык, психологиялык-линвистикалык, үн-видео бөлүмүн ачкан. Буга чейин үн жана видео жазуулар Алматыдан текшерилген. Диний жааттагы тексттерди теологдор же дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия карап берчү. Ошондой эле курулуш тармагындагы соттук талаштарды талдоочу бөлүмгө да адистер жетишпейт.

Учурда республика боюнча 103 соттук эксперт бар. (JM)

XS
SM
MD
LG