Казакстанга кулчулукка сатылып кеткени айтылган Бактыгүл Кошонова 8 жаштагы уулу менен 10-сентябрда Алматы шаарындагы кыргыз консулдугуна келди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, ал мал багып жүргөн жеринен качып кетип, куруучулар иштеп жаткан жерде аларга тамак-аш жасап, акча топтогон. Алган 30 миң теңге эмгек акысы менен Алматыга келип, кыргыз элчилигинин консулдугуна барган.
Бактыгүл Кошонова быйыл 27-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигине телефон чалып, Казакстанда кулчулукта жүргөнүн айтып жардам сураган.
Ал 33 жашта. Ош облусунун Араван районуна караштуу Төө-Моюн айылында төрөлгөн. Жети жыл мурда колундагы ымыркайы менен Казакстанга кулчулукка сатылып кеткен.
Быйыл февраль айында да Алматыда кулчулукта жүргөн 25 жаштагы кызды "Замандаш" бирикмесинин өкүлдөрү куткарган эле. (SE)