Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:00

НАТО Орусия Украинага чектеш жерге аскерий база куруп жатканына кабатыр


Уюмдун 10-сентябрь күнү “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна берген билдирүүсүндө Орусиянын Украинага жакын жерде аскерий даярдыкты күчөтүп жатышы аймактагы кырдаалды ого бетер күчөтөрү белгиленген.

Reuters агенттиги Орусия Белгород облусундагы Валуйки шаарына 300 чакырым жерге аскердик база орното баштаганын жазган. Агенттик орус өкмөтүнүн сайтына чыгарылган тендердин документтерине шилтеме берген болчу. Кабарчы жергиликтүү элдин айтканына таянып, аскер шаарчасы Украинанын Луганск облусунан 25 чакырым аралыктагы Солоти айылына жайгашуусу мүмкүндүгүн кабарлаган.

Маалыматка ылайык, базага үч миңден ашуун жоокер, ракета-артиллериялык курал-жарак жана ири окуу комплекси жайгашат. Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул маалымат боюнча Коргоо министрлиги гана комментарий берерин билдирди. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG