Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:44

Коргоо кеңеши: Элдин кызыкчылыгына каршы иштеп жаткан ички күчтөр бар


Кыргызстанда элдин кызыкчылыгана каршы келген жеке максаттарын көздөгөн күчтөр бар. Бул тууралуу Коргоо кеңеши кечээ кезектеги жыйынында кабыл алган чечимде айтылат. Анда "тышкы аскердик-саясий коркунучтар жана ички күчтөр болуп турганда таза шайлоо өткөрүү мамлекет үчүн негизги маселе" экени белгиленген.

Шайлоо учурунда мыйзам бузган ким гана болбосун, ээлеген мамлекеттик кызматы, коомдогу орду жана партиясына карабай чара көрүү тапшырмасы бийлик органдарына берилди.

Мындай чара, Коргоо кеңешинин белгилешинче, "өлкөнүн бүтүндүгүн жана элдин биримдигин коргоо максатында" көрүлүүдө.

​4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. Ага 14 партиядан 2 миңден ашуу талапкер катышууда. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG