Алматыда белгилүү казак ырчысы, маркум Батырхан Шукенов атындагы сыйлык ыйгарылды. Биринчи лауреаттар 20-сентябрда баштала турган Евразиялык Muzzone-2015 сынагында аныкталат.
Бул фестивалда 2013-жылы Шукеновго «Евразиянын мыкты артисти» наамы ыйгарылган болчу.
Белгилүү ырчы жана композитор Батырхан Шукенов быйыл жазында Москвада жүрөгү кармап каза болгон. Ал 1962-жылы Казакстандын Кызыл-Орда калаасында төрөлгөн. “А-Студио” деп аталган топту негиздеген. 90-жылдары анын "Жулия" ыры жаштар арасында хит болгон.
Кийин топтон чыгып, Москвада 2000-жылдан тарта жеке чыгармачылык менен алектене баштаган. Быйыл май айында 53 жашка толмок. (RK)