Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:08

АКШда 11-сентябрдын курмандыктарын эскеришет


Нью-Йоркто 2001-жылдын 11 –сентябрындагы террордук чабуул жасалган жерде бүгүн он миңдеген адам жыйналары күтүлүүдө. Дүйнөлүк соода борбордун мурдагы орду азыр мемориалдык аянтка жана музейге айлантылган.

Бүгүнкү эскерүү жөрөлгөсү учурунда коңгуроо кагылып, террордук чабуулдан курман болгон 3000дей кишинин ысымдары окулат.

“Ал-Каиданын” террорчулары карактаган төрт жүргүнчү учактын экөөсү 2001-жылдын 11-сентябрында Дүйнөлүк соода борбордун эгиз имаратын сүзгөн.

Үчүнчү учак Вашингтондо Пентагондун имаратына кулаган. Төртүнчүсү жүргүнчүлөрдүн террочуларга каршылык көргөзүүсүнүн натыйжасында Пенсильвания штатынын аймагында кыйраган эле.

11-сентябрдын курмандыктарын эскерүү иш-чаралары өлкөнүн башка аймактарында да өтөт. Президент Барак Обама Мэриленд штатындагы аскерий базага бармакчы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG