Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:38

АКШ Сенатында демократтар Иран келишимин коргоп калды


АКШ Сенатында Ирандын өзөктүк программасы боюнча эл аралык келишимди кабыл албоо боюнча алгачкы добуш берүү ийгилик тапкан жок.

Сунуш кылынган резолюцияны 58 сенатор, негизинен республикачылар колдоп, 42 сенатор, негизинен демократтар каршы чыкты. Маселе өтүш үчүн кеминде 60 добуш талап кылынган.

Иран талаштуу өзөктүк программасын токтотуп, ага каршы киргизилген экономикалык санкциялар баскыч-баскыч менен жоюлушун караган келишим быйыл июлда дүйнөнүн алты державасы жана Тегеран ортосунда түзүлгөн.

АКШ мыйзамгерлеринде келишим боюнча расмий чечим кабыл алынуусу үчүн 17-сентябрга чейин убакыт бар.

Конгресстин республикачылар үстөмдүк кылган Эл өкүлдөр палатасы келишимди четке каккан күндө да президент Барак Обама андай мыйзамга вето саларын эскерткен.

Президенттин ветосу күчүндө калыш үчүн Сенатта жетиштүү добуш бар.

Бирок, Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын спикери Жон Бейнер Иран боюнча келишимдин аткарылышын “токтотуу, жайлатуу, кармоо үчүн” болгон мүмкүнчүлүктүн баары колдонуларын убада кылды. (UE)

XS
SM
MD
LG