Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:11

Казакстан Кыргызстан менен Орусиянын айрым эт, сүт азыктарына тыюу салды


Казакстан Кыргызстандан жана Орусиядан келген айрым товарларды сатыктан алып, өз аймагына киргизүүгө тыюу салды. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук экономика министрлигинин алдындагы Кардарлардын укугун коргоо комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

8-сентябрдан баштап, өлкө аймагына Орусиянын Hochland быштагы, "Кампин" ишканасы чыгарган йогурттар, «Шоколайт», «Голландские», «Яшкино» жана башка сүт, эт азыктары киргизилбейт. Тыюу салынган азыктар тизмесинде Чүй облусунун Беловодское айылынан чыккан «Крестьянское» сары майы да бар.

Маалыматта аталган товарлар акыркы 8 айдан бери бир нече жолу санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бузгандыгы айтылат.

12-августта ЕАЭБдин чек арасы Кыргызстан үчүн ачылган. Бирок, Казакстан чек арадан ветеринардык көзөмөлдү алып салуудан баш тартып, айрыкча эт жана сүт азыктарына дыкат көзөмөл жүргүзүүдө.

Премьер-министр Темир Сариев 8-сентябрда ЕАЭБдин өкмөт башчыларынын жыйынында Казакстандан 1-октябрга чейин ветеринардык көзөмөлдү алууну суранган. (JM)

XS
SM
MD
LG