Шайлоочулардын жаңыланган тизмесинде бүгүнкү күнгө карата 2 миллион 619 миң 474 адам бар. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев өкмөт жыйынында билдирди.
Өкмөт башчы биометрикалык каттоого туруу мөөнөтү 19-сентябрда аяктарын, 16-сентябрга чейин ар бир жаран өзүн шайлоочулар тизмесинен текшертип алууга укугу бар экенин эскертти.
4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. Ага биометрикалык каттоодон өткөн гана жарандар катыша алат. (RK)