Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:05

Дарига Назарбаева вице-премьер кызматына дайындалды


Дарига Назарбаева.
Дарига Назарбаева.

Дарига Назарбаеваны вице-премьерликке бекитүү боюнча президент Нурсултан Назарбаевдин жардыгы бүгүн жарыяланды.

52 жаштагы Дарига Назарбаева буга чейин бийликтеги "Нур Отан" партиясынын парламенттеги фракция башчысы жана Мажлистин төрага орун басары кызматына аркалап келген.

Казак президентинин улуу кызы 2000-жылдардын башында өзүнчө "Ашар" деген партия түзгөн. Бирок, саясий уюму 2006-жылы атасынын "Нур Отан" партиясы менен кошулган.

2007-жылы Дарига Назарбаева убактылуу саясаттан четтеген. Көптөр мунун президент кызынын ошол кездеги күйөөсү, быйыл Австрияда абакта олтурган жеринен каза тапкан Рахат Алиевдин айланасындагы жаңжалдар менен байланыштырышкан. (UE)

XS
SM
MD
LG