Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:08

Молдовада ири демонстрациялар жанданат


Кишиневдогу нааразылык акциясынын айрым катышуучулары аянттан кетпей чатырларды да тигип алышкан. 10-сентябрь, 2015-жыл.
Кишиневдогу нааразылык акциясынын айрым катышуучулары аянттан кетпей чатырларды да тигип алышкан. 10-сентябрь, 2015-жыл.

“Ар намыс жана Чындык” жарандык кыймылынын лидерлери бүгүн жарыялашкандай, Кишиневдун борборундагы кийинки ири демонстрация 13-сентябрга мерчемделүүдө.

Мындан бир аптача мурун, 6-сентябрда аталган кыймыл көчөгө коррупциядан тажаган оң миңдеген адамды алып чыккан эле. Бул өлкөнүн көз карандысыздык тарыхындагы эң ири нааразылык акциясы болду.

“Ар намыс жана Чындык” кыймылы президент Николай Тимофтинин, өкмөттүн, Башкы прокуратура жетекчилигинин кызматтан чегинишин, мөөнөтсүз парламенттик шайлоо өткөрүлүүсүн талап кылууда.

Демонстрациянын уюштуруучулары кечээ премьер-министр Валерий Стерлец менен кездешип, өкмөт отставкага кетсин деген талаптарын кайталашты.

Премьер демонстранттардын талабын четке кагып, бирок алар көтөргөн электр баасынын кымбатташы жана банктардан бир миллиард доллардын жоголушу боюнча жүрүп жаткан тергөө өңдүү саясий эмес маселелерди талкуулоого даярдыгын билдирди. (UE)

XS
SM
MD
LG