Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:19

БУУ АКШ менен Европаны кабыл алынуучу качкындар санын көбөйтүүгө чакырды


БУУнун Качкындар иши боюнча комиссариатынын өкүлү Уильям Спиндлер Евробиримдиктин 160 миң качкынды кабыл алуу милдеттемесин кубаттады жана качкындар агымынан эң көп жабыр тарткан Греция, Италия, Венгрияда “кабыл алуу” борборлорун түзүүгө чакырды.

БУУнун өкүлү ошондой эле АКШнын 10 миң качкынды кабыл алуу сунушун да кубаттады, бирок Уильям Спиндлердин айтымында, Вашингтон мындан көбүрөөктү жасай алмак.

АКШда жаңы каржы жылы 1-октябрдан тарта башталат. БУУнун качкындар комиссариатынын эсебинде, Европага быйыл 380 миң качкын келген. Алардын жарымы сириялыктар.

Качкындар комиссариатынын баамында, бул сан алдыдагы айларда, апталарда дагы көбөйүшү мүмкүн. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG