Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:35

Жер ортолук деңизинен быйыл 432 миңден ашуун мигрант өттү


Грециянын жээгине келип жаткан сириялык качкындар. 11-сентябрь, 2015-жыл.

Грециянын жээгине келип жаткан сириялык качкындар. 11-сентябрь, 2015-жыл.

Эл аралык Миграция уюмунун бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, быйылкы жыл ичи Жер ортолук деңизинен 432 761 мигрант жана качкын өттү. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эседен ашуунга көптүк кылат.

Уюмдун эсебине караганда, ушул аптанын башына карата Грецияга деңиз аркылуу 309 356, Италияга 121,139 , Испанияга 2166, Мальтага 100 мигрант келип түшкөн. Мигранттардын Европа кабылган быйылкы агымы Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң ири качкындар кризиси катары бааланууда.

Германия бийликтеринин маалыматы боюнча аларрдын аймагына быйыл жалпысынан 450 миңдей качкын, мунун ичинде 37 миңи сентябрдын алгакы сегиз күнүндө эле кирди.

Евробиримдиктин аткаруу органы - Еврокомиссия 160 миң качкынды милдеттүү квотанын негизинде жайгаштырууну караштырууда. Бирок айрым мүчө өлкөлөр буга каршы болуп жатышат. Биримдиктин ички иштер министрлери Еврокомиссиянын планын келерки аптада талкууламакчы. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG