Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:02

Качкындагы генерал өлтүрүлгөнүн тажик бийликтери ырастай элек


Генерал Абдулхалим Назорзада Рамит капчыгайында өлтүрүлгөнүн жергиликтүү “Азия плюс”, “Авеста” агенттиктери белгисиз булактарга шилтеме жасап кабарлады.

Бирок Тажикстандын Коргоо жана Ички иштер министрликтери бул маалыматты ырастоодон баш тартышты.

Анткен менен күч түзүмдөрүнүн ысымын ачыктагысы келбеген өкүлү “Азаттыктын” тажик кызматына бийликтер Рамит капчыгайынан сөөгү алынып келинген бир нече адамдын өздүгүн тактоого аракеттенип жатканын билдирди.

Тажик коопсуздук күчтөрү Душанбеден 150 чакырымдай алыстыктагы Рамит капчыгайында, коргоо министринин мурдагы орун басары Назарзоданын алар “террордук жана кылмыштуу” деп атаган тобун кармоо үчүн кеңири масштабда операция өткөрүп жатышкан.

Мунун алдында Душанбеде жана анын чет жакасындагы Вахдат районунда өткөн жума күнү милиция бекеттерине жасалган кол салуудан жана андан кийинки атышуулардан 26 адам, анын ичинде тогуз милиция кызматкеринин өмүрү кыйылган эле.

Президент Эмомали Рахмондун айтымында, чабуулду “Ислам мамлекети” тобунун көз караштарын бөлүшкөн согушкерлер жасаган.

Тажик бийликтери кол салууну уюштурду деп айыптап жаткан генерал Назарзода 1990-жылдары мурдагы Бириккен тажик оппозициясынын мүчөсү болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG