Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Мекедеги кырсыкта набыт болгондордун арасында кыргызстандыктар жок


Алдын ала маалыматтар боюнча, Мекедеги кырсыкта каза тапкандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат катчысы Максат Атабаев кабарлады.

- Азырынча каза болгондордун арасында кыргызстандык зыяратчылар жок деген маалымат бар. Бул иш боюнча Меке шаарындагы ар бир ажы башчы менен байланышып, тактоо иштери жүрүп жатат.

Мекедеги Ал-Харам мечитинде 11-сентябрда кран кулап, 100дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылганын Саудиянын жарандык коргонуу мекемеси билдирген. Дагы 180ден ашуун киши жаракат алган. Кырсык ажылык зыяраттын жөрөлгөлөрү башталар алдында болгон.

Бул чоң мечит бир учурда 2,2 миллионго чейинки сандагы адамды сыйдыра алыш үчүн сауд бийликтери анын аянтын 400 000 чарчы метрге жеткирүү боюнча ири курулуш долбоорун ишке ашырып жатат. Мындан улам крандар мечитти айланта орнотулган.

Быйыл Кыргызстандан ажылык сапарга 3685 киши кеткен. Алардын акыркылары кечээ, 11-сентябрда жөнөп кетишти. (КЕ)

XS
SM
MD
LG