Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:07

Ереван: полиция көчөлөрдү демонстранттардан бошотууда


Орусиянын жана жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Армян полициясы Еревандын борбордук башкы көчөсүн демонстранттардан бошотууда. Баш бербеген онго чукул киши кармалганы айтылууда. Тартип коргоо органдары митингчилерге жарым саат мурда эскертүү берилгенин билдирүүдө.

Армениядагы “Уурдоого жол жок” деген жарандык коомдук активисттери жума күнү нааразылык акцияга чыгып, Эркиндик аянтынан баштап президенттик резиденцияга чейин жүрүш уюштурууну пландашкан. Полиция ага жол бербей койгон соң, митингге чыккандар акциясын жолго отуруп алып улантышкан.

Ереванда нааразылык акциялар июнда башталган. Жергиликтүүлөр бийликтин 1-августтан баштап электр энергияга бааны 16,5 пайызга кымбаттатуу чечимине каршы болушууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG