Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:02

Прокуратура талапкерлерди жоопко тартуу боюнча түшүндүрмө берди


Башкы прокуратура депутаттыкка талапкерлер Карганбек Самаков, Игорь Чудинов жана Искендербек Айдаралиевди жоопко тартууга уруксат берүү тууралуу сунушун 9-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясына берген. Башкы көзөмөл органдын сайтында “бул сунуш менен азыркы шайлоо кампаниясынын байланышы жок”, - деп айтылат.

Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаковго таандык жерлер боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында мурунку өкмөт башчы Игорь Чудинов менен мурунку вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевге да айып тагылган.

Азыр бул сунушту Борбордук шайлоо комиссиясынын юристтери талдап жатат. Аталган комиссиянын маалымат катчысы Азиз Жабиевдин белгилешинче, маселе жалпы жыйында качан каралары белгисиз.

Игорь Чудинов мурунку президент Курманбек Бакиевдин тушунда 2007-2009-жылдары премьер-министр болгон. Азыр Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер жана “Бир Бол” партиясынан тизмесинде 3-орунда турат. Искендербек Айдаралиев 2007-2009-жылдары биринчи вице-премьер-министр болуп иштеген. Ал "Замандаш" партиясынын тизмесинде. “Бир Бол” партиясы Игорь Чудиновго козголгон кылмыш ишти кысым деп атап жатат. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG