Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:20

“Курманжан Датка” Казандагы сынакта баш байгени алды


Татарстандын борбору Казан шаарындагы XI мусулмандар киносунун фестивалында “Курманжан датка” “Мыкты тасма” номинациясы боюнча баш байгени утуп алды. Бул тууралуу “Айтыш фильмдин” басма сөз катчысы Чолпон Идирисова кабарлады. Баш байгени орусиянын белгилүү кинорежисеру, калыстар тобунун төрагасы Владимир Меньшов тапшырды.

“Курманжан датка” 700 тасманын арасынан тандалып алынган. Фестивалда 25 мамлекеттин 50 фильми көрсөтүлдү. Жалпысынан толук жана кыска метраждуу, даректүү, анимациялык тасмалар калыстардын сынагына коюлган.

Фестиваль 2005-жылдан бери Татарстан президентинин колдоосу астында өтүп келет. Мусулмандар кино фестивалы 2010-жылга чейин “Алтын минбар” деп аталып келген. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG