Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:49

Ысык-Көлдө кыйноо фактысы боюнча кылмыш иши козголду


Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады. Маалыматка караганда, Ысык-Көл облустук прокуратурасына милиция кызматкерлери үйүнө кирип келип, кылмышты мойнуна алдыруу үчүн уруп-сабаганын айтып, эки жаран арызданган. Арызда ИИМдин райондук кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жети кызматкери коркутуп-үркүтүп, көрсөтмө берүүсүн талап кылышканы айтылат.

Облустук прокуратура “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “кыйноо” фактылары боюнча кылмыш ишин козгоду. Арыз ээлери соттук-экспертизадан өткөрүлүп, жеңил жараат алганы тастыкталган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG