Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:00

Ереванда кармалгандар бошотулду


12-сентябрда полиция кармап кеткендер бошотулду

12-сентябрда полиция кармап кеткендер бошотулду

Бүгүн Армян полициясы Еревандын борбордук башкы көчөсүн, Багрямян проспектисин демонстранттардан бошотуу үчүн күч колдонду. Электр энергиясына тарифтин кымбатташына каршы чыккан 48 жаран кармалып, акт түзүлгөн соң кайра бошотулду.

Армениядагы “Уурдоого жол жок” деген жарандык коомдук активисттери жума күнү нааразылык акцияга чыгып, Эркиндик аянтынан баштап президенттик резиденцияга чейин жүрүш уюштурууну пландашкан. Полиция ага жол бербей койгон соң, митингге чыккандар акциясын жолго отуруп алып улантышкан.

Ереванда нааразылык акциялар июнда башталган. Жергиликтүүлөр бийликтин 1-августтан баштап электр энергияга бааны 16,5 пайызга кымбаттатуу чечимине каршы болушууда. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG