Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:31

Берлускони Путин менен Крымда жолугушту


Италиянын мурдагы премьер-министри Сильвио Берлускони 11-сентябрда Орусия президенти Владимир Путин менен Крымда жолугушту. Берлускони Орусия аннексиялаган Крымга жеке иштери менен барганын маалымат каражаттары жазышты. Маалыматтарга караганда, жума күнү ал Ялтага барып, анын алдында Сочиде болгон.

Орусиянын маалымат агенттиктери жазганга караганда, Путин Берлусконини Гасфорт тоосунун боорундагы жоокерлердин элесине арналган айкелдин жанынан тосуп алган. Орус президенти жана Берлускони монументке гүл чамбар коюшкан.

Жайында Крымга Франциянын парламент өкүлдөрү келишкен болчу. Франциянын Тышкы иштер министрлиги бул алардын өз демилгеси болгонун жана расмий Париж “муну эл аралык укуктарды бузуу” деп атап, алардын сапарын колдобой турганын билдирген.

Батыш өлкөлөрү Крымдын аннексияланышын айыптап, аны Орусиянын бөлүгү катары тааныбай келишет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG