Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Жети айда жол кырсыгынан 547 киши каза болду


Иллюстрация
Иллюстрация

Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин Жол кайгуул кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, быйыл жети ай аралыгында 3700дөн ашуун жол кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул убактысына салыштырмалуу 2,5 пайызга (97 жол кырсыгы) азайды дегенди билдирет. Анын ичинде балдар катышкан кырсыктар 760ты түзгөн. Натыйжада 53 бала каза болуп, 850дөн ашууну жабыркаган. Жабыркаган балдардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 5 пайызга өскөн. Жол кырсыктарынан жалпысынан 5,5 миңге жакын киши ар кандай жараат алган.

Ички иштер министри Мелис Турганбаев буга чейин Жол кайгуул кызматын реформалоо жана жол коопсуздугун сактоо боюнча бир нече сунуштар иштелип жатканын белгилеген болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG