Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:07

Варшавада качкындарга байланыштуу митинг өттү


Польшанын баш калаасы Варшавада 12-сентябрда качкындарды өлкөгө кабыл алууга каршы жана макул болгондор митингге чыгышты. Шаардын борборуна чогулган беш миңдей киши “Польшалыктар мигранттарга каршы”, “Варшава – Брюссель эмес, бул жерде исламды колдобойт” деген жазууларды көтөрүп, качкындардын өлкөгө киргизилишине тыюу салууну талап кылып турушту.

Алардан бир чакырым алыста “Качкындар, кош келипсиңер” деген ураан менен экинчи митинг өттү. Алар тилектештиктин үлгүсүн көрсөтүү керектигин белгилешти. Ушундай эле митингдер Польшанын башка шаарларында да болду.

Качкындарды кабыл алуу маселеси Польшада чоң саясий талкууларга жем таштоодо. 16-сентябрда өлкө парламенти кезексиз жыйынга чогулуп, бул маселени талкуулайт. Расмий Варшава эки миң качкынды кабыл алууга милдеттенме алган. Бирок Брюссель муну 12 миңге көбөйтүү талабын койду.

Ал ортодо Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Евробиримдикке кайрылып, Сириядагы качкындар үчүн 3 млрд. евро жардам берүүгө чакырууда. Ал бул чара мигранттардын Европага агылышын токтотот деп эсептейт. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG