Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:36

Аба ырайы кескин өзгөрөт


Кыргызстанда 13-15-сентябрь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, маал-маалы менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондорго кар түшөт. Айрым аймактарда жаан катуу жаайт. Тоолуу жолдор тоңголок, тайгак болот. Мындай аба ырайы айыл чарба иштерине, автоунаа каттамына, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишине тоскоолдук жаратып, жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

14-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, айрым жерлеринде күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу аймактардын жолдорунда тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5...10, күндүз 13...18,

Талас жергесинде түнкүсүн 4...9, күндүз 13…18,

Баткен облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 20…25,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 9...14, күндүз 21…26,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 6...11, күндүз 13…18,

Нарында түнкүсүн 3...8, күндүз 13…18,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6 градус суук, күндүз 1…6 градус жылуу.

14-сентябрда Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 6…8°, күндүзгү жогорку температурасы 16…18° жылуу болот. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG