Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:54

Жарым жылда 262 МАИчи дисциплинардык жоопко тартылды


Жарым жылда мыйзамды бузган МАИнин алты кызматкерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жол кайгуул кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, ар кандай мыйзамсыз аракеттери жана тартип бузгандыгы үчүн алты айда 262 кызматкер дисциплинардык жоопко тартылган. Бул өткөн жылдын ушул убактысына караганда 64кө көп.

Эл арасында МАИчилердин мамилесине жана Жол кайгуул кызматындагы коррупцияга нааразылар көп. Соңку учурда МАИчилер ортосундагы чыр, уят сөздөр менен сөгүнгөн, мас абалында бири-бири менен атышкан бир нече видеолору интернетке чыгып кеткен. Өкмөттүк жыйындарда бул көрүнүштөрдү премьер-министр Темир Сариев да катуу сындаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG